Редакцияот 14.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III-чакырылышынын кезексиз VII- заседаниеси

 

2011-жылдын 14-сентябры № 7/1

Кабылан-Көл айыл округунун башчысына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кабылан-Көл айыл округунун башчысына Садыкова Бурул Сейитовна жана Масабиров Нурсейит Турдубековичтер Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

2.Бул сунушту карап талапкер катары киргизип, берүү жагы Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кабылан-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш.Акаев