Редакцияот 20.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III- чакырылышынын кезексиз VIII- заседаниеси

 

2011-жылдын 20-сентябры № 8/4

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы №236 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2011-жылдын 20-сентябрында Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп ,айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Садыкова Бурул Сейитовна шайланды деп эсептелсин.

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Садыкова Бурул Сейитовнаны Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка шайланган 20.09.2011-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Садыкова Бурул Сейитовнага тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы М.Каримовго милдеттендирилсин.

 

Кабылан-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш.Акаев