Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 14-апрели № 22/2
Чалма айылдык округунун 2010- жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2011-бюджети жөнүндө
«Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмистрация жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29- беренесинин 3, 4-пунктуна, Чалма айылдык округунун Кенешинин регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык, «Чалма айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга каралган Чалма айылдык округунун бюджетин бекитүү жөнүндөгү» Чалма айылдык округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы О.Оморкуловдун маалыматын , Чалма айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 10 млн.197 100 сомго, чыгаша бөлүгү 10 млн 197 100 сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Чалма айылдык округунун бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2011-жылга 9 млн 329 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чалма айылдык округуна тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштун коломдорунун, баалардын, инфляциянын денгээлинен жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан озгоруулорго ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук беруу менен, бул өзгөртүүлөр айылдык округдук Кенештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык округунун Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрага А.Макыев ) жана Чалма айылдык округунун башчысы С.Жорубаевага тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Абдыразаков |