Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 14-апрели № 22/3
Чалма айылдык округдук Кенешинин 2010-жылдагы социалдык–экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2011-жылга социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу планы жөнүндө
Чалма айылдык округдук Кенешинин 2010-жылдагы социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу экономикалык планы айылдык округдун аппарат кызматкерлеринин, мекеме–уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен айылдык округдук Кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйналышында алымча-кошумчалары менен толукталгандына байланыштуу Чалма айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикаынын 2013-жылга чейин комплекстүү өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясынын негизинде түзүлгөн Чалма айылдык округунун 2011-жылга социалдык-экономикалык болжолдуу планы жактырылсын ( тиркеме тиркелет) жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округдун аппарат кызматкерлеринин, мекеме-уюмдардын жетекчилерине, менчигинин туруно карабастан бардык субьектилердин башчыларына милдеттендирилсин.
2. Айылдык округдун 2011-жылга белгиленген экономикалык болжолдуу планында корсотулгон айыл-чарба азык-тулукторунун сапатын жакшыртуу менен азык-тулук коопсуздугун алдын-алуу максатында остурулгон тушумду , алына турган айыл чарба азык-тулукторун кобуроок ондуруп алып, калкты жетерлик сандагы азык- тулук менен камсыз кылуу боюнча бардык чараларды коруу айыл башчыларга жана дыйкан чарбалардын башчыларына тапырылсын.
3. Коомдук малдын жугуштуу ооруларын алдын-алуу максатында, эпизоотиялык, профилактикалык иш-чараларды жургузууну кучотуп, ветеринардык иштерди жогорку денгээлде жургузуу , малдардын асыл тукумдуулугун, породалык составын жакшыртуу менен талаачылык иштеринде жаны тажрыйбаларды, технологияларды пайдаланууну кенири жургузуу жагы айыл башчыларга, ветеринардык кызматкерлерге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом менен 2011-жылга бекитилген айылдык округдун социалдык–экономикалык онугуусунун болжолдуу планынын атарылышын козомолго алуу жагы Чалма айылдык округдук Кенешинин туруктуу комиссияларына жана Чалма айылдык округунун финансы-экономика болумунун башчысы О.Оморкулого тапшырылсын.
Чалма айылдык кенешинин төрагасы |
Б.Абдыразаков |