Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 14–марты № 22/7
Чалма айылдык округунун аймагындагы элдик каада–салттар тууралуу Чалма айылдык округунун Токбай-Талаа жана Буйга айылдарынын өкүлчүлүгүнүн 2011-жылдын 26-мартындагы жалпы чогулушунун № 4- токтомун бекитүү жөнүндө
Чалма айылдык округунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттарынын айыл Мыйзамынын негизинде, айыл ичинде каада-салттарды, урп-адаттарды жөнгө салуу жана ашыкча ысырапкерчиликке, чыгымдарга жол бербөө максатында жамааттарда талкуулар журуп, элдик каада–салттар боюнча жобо иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыккан .
2011- жылдын 26- мартында Чалма айылдык округунун аймагындагы Токбай-Талаа жана Буйга айылдарынын жашоочуларынын окулчулуктору катышкан элдик жыйында «Элдик каада-салттар боюнча Жобо» кабыл алынган .
Чалма айылдык округдук Кенеши жергиликтуу жамааттардын Уставына (Айыл Мыйзамына) негиз, айыл ичинде каада – салттарды жонго салуу жана ашыкча ысырапкерчиликке богот коюу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айылдык округунун аймагындагы элдик каада–салттар тууралуу Чалма айылдык округунун Токбай-Талаа жана Буйга айылдарынын өкүлчүлүгүнүн.
2011- жылдын 26- мартындагы жалпы чогулушунун № 4- токтому бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чалма айылдык округунун аппарат кызматкерлерине жана каада-салттар боюнча комиссияга милдеттендирилсин.
Чалма айылдык кенешинин төрагасы |
Б.Абдыразаков |