Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-марты № 21/3
«Чалма айылдык округунун Кенешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Жобо» тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 32- беренесинин 3–пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 27,28 –пункттарынын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2010- жылдын 25-мартындагы № 184-токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү типтуу Жобону» жетекчиликке алып, Чалма айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айылдык округунун Кенешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын окмотунун 2010- жылдын 25-мартындагы № 184- токтомунун талаптарына ылайык 2009-жылдын 7-августунан бери айылдык округдук Кенеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар райондук «Мезгил уну» гезитине жарыялансын жана 2009-жылдын 7-августунан бери Чалма айылдык округдук Кенеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды официалдуу турдо гезитке жарыялоого, расмий тилге которууга, тиешелуу канцеляриялык буюмдарды алууга жана мамлекеттик рээстерге киргизууго жумшала турган акча каражаттарын 2011-жылдын бюджетине киргизуу жагы Чалма айылдык округунун финансы-экономика болумунун башчысы О.Оморкуловго тапшырылсын.
3. Чалма айылдык округунун Кенешини тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды атайын журналга каттоодон откоруу жана аларды тартиби жөнүндөгү Жобону мамлекеттик рээстерге киргизуу боюнча иштерди 2011-жылдын апрель айынан баштап жургузуу иштери айылдык округунун Кенешинин жооптуу катчысы М.Айдаралиевге тапшырылсын.
Чалма айылдык кенешинин төрагасы |
Б.Абдыразаков |