Загрузка документа…
КАРО-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 19/1
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин аймагында жайгашкан соода туйундорунун калкка кызмат көрсөтүүдөгү тейлөө денгээлдеринин абалы жөнүндө
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин аймагындагы жайгашкан соода түйүндөрүнүн калкка кызмат көрсөтүүдөгү тейлөө денгээлдеринин абалы жөнүндөгү Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин депутаты 3. Жусуповдун маалыматын угуп жана талкуулап жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кара- Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин аймагында жайгашкан соода түйүндөрүнүн калкка кызмат көрсөтүүдөгү тейлөө денгээлдеринин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин аймагында жайгашкан соода түйүндөрнүнүн калкка кызмат көрсөтүүдөгү тейлөө денгээлдеринин абалы учур талабына ылайык келбестен көптөгөн комчилдиктер кетирилип жаткандыгы Кара-Кочкор айылдык округунун башчысы О.Бегимкуловго көрсөтүлсүн жана бул багытта кетирилип жаткан кемчилдиктерден тез арада жыйынтык чыгаруу жагы ага милдеттендирилсин.
3. Айыл башчылар М. Мамыров, Калдырбаев, О..Жолдошов, Ж. Ажиевдерге оз айылдарында жайгашкан соода сатык ишканаларынын санитардык-ветеринардык, орт коопсуздугу боюнча колго алынбай жаткан орчундуу кемчилдиктерди тез арада четтетилишине чечкиндуу чараларды коруу жактары милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык-маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрага А.Жолдошовго) жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т. Кайыпкулов |