Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-февралы №17/1
Кара-Кочкор айылдык округуна караштуу «Кара-Кочкор айылынын элине тийген үлүш жана К.Б. Ф. нын 58 га сугат айдоо аянтын Кара-Кулжа дарыясынын суу ташкынынан сактап калуу» боюнча Кара-Кочкор айылынын 04.02.2011-жылдагы элдик жыйынынын №2 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Кыргыз Республикасынын 29 берененин 4 пунктунун , Кара-Кочкор айылдык округдук Кеңешинин регламентинин 1 бөлүгүнүн 2 главасынын 19 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылдык округунун Кара-Кочкор айылынын тургундарынын 4-февраль 2011-жылдагы элдик жыйынынын «Кара-Кочкор айылынын элине тийген үлүш жана К.Б.Ф нын сугат айдоо аянтын Кара-Кулжа дарыясынын суу ташкынынан сактап калуу» боюнча № 2 токтому бекитилсин .
2.Кара-Кочкор айылынын элине тийген үлүш жана К.Б.Фнын жер аянтын сактап калуу үчүн курулуучу дамбанын курулушуна кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Кара-Кочкор айылдык округуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин агрардык , азык-түлүк , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрага К.Тажибаев ) жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |