Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-марты №17/5
Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18 беренесинин 4 пунктуна ылайык
Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы жашаган калкты таза суу менен камсыз кылууда суу комитеттеринин жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы жашаган калкты таза суу менен камсыз кылууда таза суу комитеттеринин башчыларынын жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери өз деңгээлинде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин .
2.Таза суу комитетинин башчылары Т.Абдылдаев , К.Ибраимов , Т.Жарашбаев жана айыл башчылар :
-калкты таза суу менен өз деңгээлинде камсыз кылуу , карапайым элдин сунуш талаптарын өз убагында канааттандырууга жетишип иштөө ;
-калкты таза суу менен камсыздоонун абалы боюнча айылдык округдук кеңешинин ар бир сессиясында квартал сайын маалымат берүү жактары милдеттендирилсин ;
-калкты таза суу менен камсыз кылууда учурдун талабына ылайык иштерди жүргүзүү жактары жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Жолдошовго ) жана Кара-Кочкор айылдык округунун башчысынын орун басары К. Кожомбердиевке тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |