Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-марты №17/6
Кара-Кулжа РИИБнин башчысы Ж.М. Чобоевдин 20.12.2010-жылдагы №1/1542 сунушу жөнүндө
Кара-Кочкор айылдык округунун аймагында денеге оор залал келтирүү , уурулук , мал уурулук , хулигандык , оор кылмыштардан зордуктоо жана кылмыштын коп түрлөрү катталууда. Жашы жете элек жаш балдардын спирттик ичимдиктердин ичип жүрүшү коомчулуктун койгойлуу маселеси болуп тургандыгы жана административдик укук бузуулардын көпчүлүгү кечинде спирттик ичимдигин ичип мас абалда болуп жаткандыгы такталууда . Ошондуктан кечиндеги спирттик ичимдигин сатууну чектөө максатында Кара-Кочкор айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылдык округунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча айылдык округунун аймагында жайгашкан ар бир менчик дүкөндөр (камоктор) спирттик ичимдигин сатууну кечки саат 8- 00 дөн кийин токтотушсун .
2.Айылдык округдун аймагында жайгашкан менчик дүкөндүн (камоктордун ) сатуучулары токтомдогу көрсөтүлгөн убакыттан кийин спирттик ичимдиктерин сатса жоопкерчиликке тартылары эскертилсин. ( ______ сом эсебинде айыпка тартылат).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартиби , кеңештердин иштери , депутаттык этика , коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Токторовго) жүктөлсүн.
Кара-Кочкор айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |