Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №18/1
Кара-Кочкор айылдык округунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2010-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана алдыдагы милдеттер жөнүндө айылдык округдун башчысы О.Бегимкуловдун отчету жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергилитүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- беренесинин 2 , 6 пунктунун, 48 берененин 2 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2010-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө айылдык округдун башчысы О. Бегимкуловдун отчетун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылдык округунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2010-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана алдыдагы милдеттер жөнүндө айылдык округдун башчысы Бегимкулов Орозбай Акылбековичтин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Кара-Кочкор айылдык округунун башчысы О.Бегимкуловго:
-айылдык округдун аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу ;
-жамааттык топтор , өз ара жардамдашуу топтору , аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу ;
-калкты таза суу , сугат суу менен камсыз кылууну , жайыттарды , эгин талааларын коргоону жөнгө салуу ;
-социалдык обьектилердин өз деңгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу ;
-калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу ;
-ички жолдорду , көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эсине салынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |