Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №18/3
Кара-Кочкор айылдык округунун 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана айылдык округдун 2011-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн болжолдуу планы жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29 беренесинин 3,4 пункттарына , 48- берененин 2 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу экономикалык планы айылдык округдун аппарат кызматкерлеринин , мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен айылдык округдук Кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйналышында алымча кошумчалары менен толукталгандыгына байланыштуу Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2013-жылга чейин комплекстүү өнүгүүсүн Улуттук стратегиясынын негизинде түзүлгөн Кара-Кочкор айылдык округунун 2011-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн экономикалык болжолдуу планы жактырылсын (тиркемелер тиркелет ) жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округдун аппарат кызматкерлерине , мекеме-уюмдардын жетекчилерине , менчигинин түрүнө карабастан бардык субьектилердин башчыларына милдеттендирилсин.
2.Айылдык округдун 2011-жылга белгиленген экономикалык болжолдуу планында көрсөтүлгөн айыл-чарба азык-түлүктөрүн өңдүрүүнү көбөйтүү , дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуу , мал чарбасын өнүктүрүү андан өндүрүлүп алынган азык-түлүктөрдүн сапатын жакшыртуу менен азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында өстүрүлгөн түшүмдү , алына турган айыл чарба азык-түлүктөрүн көбүрөөк ондуруп алып калкты жетерлик сандагы азык-тулук менен камсыз кылуу боюнча бардык чараларды коруу жагы айыл башчыларга жана дыйкан фермердик чарбалардын башчыларына тапшырылсын.
3.Коомдук малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу максатында , эпизотиялык , профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүп , ветеринардык иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүү, малдардын асыл тукумдуулугун , пародалык составын жакшыртуу менен талаачылык иштеринде жаны тажрыбаларды, технологияларды пайдаланууну кеңири жүргүзүү жагы айыл башчыларга , ветеринардык кызматкерлерге милдеттендирилсин.
4.Бул токтом менен 2011-жылга бекитилген айылдык округдун социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу планынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Кочкор айылдык округдук Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Кара-Кочкор айылдык округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Ибраимовго тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |