Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №18/4
«Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Жобо» жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 32 беренесинин 3-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4, 27, 28 пункттарынын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү типтүү Жобону» жетекчиликке алып Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет )
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтомунун талаптарына ылайык 2010-жылдын 7-августунан бери айылдык округдук Кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар райондук «Мезгил үнү» гезитине жарыялансын жана 2010-жылдын 7-августунан бери жана 2011-жылы айылдык округдук Кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды официалдуу түрдө жарыялоого , рассмий (орус) тилге которууга , тиешелүү канцеляриялык буюмдарды алууга , гезитке жарыялоого жана мамлекеттик рээстрге киргизүүгө жумшала турган акча каражаттарын 2011-жылдын бюджетине киргизүү жагы Кара-Кочкор айылдык округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3.Айылдык округунун Кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды атайын журналга каттоодон өткөрүү жана аларды мамлекеттик рээстрге киргизүү боюнча иштерди 2011-жылдын апрель айынан баштап жүргүзүү жактары айылдык округдук Кеңешинин жооптуу катчысы К.Омурзаковага тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Кайыпкулов |