Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №18/5
Кара-Кочкор айылдык округунун мусур салыгын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 беренесинин 15 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылдык округунда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык ар бир түтүнгө 20 сом өлчөмүндө мусур салыгы бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А. Жолдошов) жана айылдык округдун салык боюнча кызматкери А. Жолдошбаевге тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Кайыпкулов |