Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-апрели №13/1
Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн 2010-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн 2010-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи И.Бердиевдин докладын угуп жана анны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, депутаттардын Катта-Талдык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн 2010-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы айрым кошумча-алымчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн 2011-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 16721,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн 2011-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү 16721,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл Өкмттүн 2011-жылга штаты жалпы 36.0 штаттык бирдик менен бекитилсин, анын ичинен 8-айыл башчы, ВУС – 3 штаттык бирдик, кенже тейлөөдөгү кызматкер 6,0 штат.
5. Кара-Согот айылында жаштарды маданиятка спортко болгон кызыгуусун колдоо максатында спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн 1 көркөм жетекчиликке штаттык бирдик маданият тармак үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен каржылансын.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн жана 2011-жылга карата Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорго уруксат берилсин.
7. 2011-жылга карата Катта-Талдык айыл Өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта-Талдык айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акаев
|