Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-сентябры № 6/1
Кабылан-Көл айылдык Кенешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» № 101 мыйзамына ылайык жана депутаттардын Алай райондук Кенешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 170 сандуу катын аткаруу максатында жана Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Регламенттин текстинде жазылган КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамы «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.
2. Кабылан-Көл айылдык Кенешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.
3. Кабылан-Көл айылдык Кенешинин жооптуу катчысына (М.Каримов) айылдык Кеңештин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кабылан-Көл айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык Кенешинин төрагасы |
Ш.Акаев |