Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №18/2
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна ылайык Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме).
2.Кара-Суу шаарынын мэриясына (А.К.Рахимов) депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык бирдиктерин кармоого кетүүчү чыгымдарды 2011-жылдын 1-октябрынан Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлиги менен макулдашып камсыз кылуу жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жана Кара-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |