Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №18/3
Кара-Cуу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери», «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин», ошондой эле депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жылдын 5-мартындагы №12/1 токтомдорунун негизинде аткарууга алынган бирок шаардын жергиликтүү бюджети 2011-жылдын 9-айына план боюнча 51883,8 миң сом каралган болсо, чындыгында 49339,4миң сомго аткарылган, башкача айтканда 95,1 пайызга аткарылган, же башкача айтканда жергиликтүү бюджетке 2544,4 миң сом кем аткарылган.Бул көрсөткүч жогорку бюджеттерден алынган каражаттарды, гранттарды кошкондо. Анын ичинен милдетүү түрдө төлөнүүчү патенттик салыктан 55,5 миң сом кем салык өндүрүлгөн, ыктыярдуу түрдө төлөнүүчү патентик салыктан 452,8 миң сомго кем салык өндүрүлгөн, автоунаалардан түшүүчү салык 1335,0 миң сом белгиленсе, анын 1235,1 миң сому өндүрүлүп, 99,9 миң сом кем жыйналган. Ошондой эле пландаштырылган жер салыгынан 36,0 миң сом, мамлекеттик пошлинадан 35,2 миң сом, административтик жазаналардан 151,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджетке түшүрүү камсыз кылынбаган.
Ал эми чыгаша бөлүмү бекитилген планга карата 89,9 пайызга камсыздалган. Анын ичинен божомол боюнча 52569,3 миң сом белгиленген болсо, анын чындыгында иштетилгени 472707 миң сомду түздү же башкача айтканда 5298,6 миң сом кем каржыланган. Анын ичинен эмгек акы 23322,9 миң сом ордуна 19882,0 миң сом же 85,2 пайызга, коммуналдык кызматтар боюнча 2498,7 миң сом ордуна 2475,7 миң сом каражат бөлүнүп 99,1 пайызга аткарылды, пландаштырылган ремонт иштерине 7384,3 миң сом каражат бөлүнсө, чындыгында 6584,3 миң сом каражат бөлүнүп берилди, бюджеттик мекемелерге 1675,4 миң сомдук эмеректер сатып алуу каралса, жарым жыл ичинде 1502,4 миң сомдук эмеректер алынып берилген.
Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү шаардык бюджеттин аткарылыштары боюнча маалыматты шаардык бюджеттин карамагында турган бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда мэриянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, анда түшкөн сын пикирлерди, сунуштарды эске алып Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясына:
2011-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча кабыл алынган план-божомолдордун, жергиликтүү бюджеттин сапаттуу аткарылышын камсыздоо, тийиштүү чараларды көрүшсүн;
Милдетүү түрдө төлөнүүчү патенттик салыктан 55,5 миң сом, ыктыярдуу түрдө төлөнүүчү патентик салыктан 452,8 миң сом, автоунаалардан түшүүчү салык 99,9 миң сом, жер салыгынан 36,0 миң сом кем өндүрүлгөн салыктары, 2011-жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджетке түшүрүүнү камсыздасын;
Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары менен биргеликте өнөр жай багытында иштеп жаткан ишкана, акционердик коомдордун иштерин кароо, жетекчилеринин отчетторун угуу милдеттендирилсин;
3.Бюджеттик мекемелердин жетекчилерине:
шаардык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу, коромжусуз иштетүү;
атайын каражат сметасында каралган кирешелер бөлүгүнүн толук жыйноо, смета чыгашасы боюнча иштетүү;
1-4 класстарда окуган окуучуларга уюштурулган ысык тамак-аш үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын үнөмдүү пайдалануу, уюштуруучулук иштердин аткарылыштарын көзөмөлдөө милдеттери жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Суу шаар мэриясына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |