Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №18/4
Кара-Суу шаарынын калкынын жана экономика тармактарынын 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө
Кара-Суу шаарынын калкын жана экономика тармактарын 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо максатында Кара-Суу шаар башкармасынын 2011-жылдын 1-августунда №63 токтому кабыл алынган жана шаардык штаб түзүлүп, шаар башкармасынын иш-чарасы бекитилген. Бүгүнкү күндө, шаар мэриясы тарабынан каржыланган мектептердин жана балдар бакчаларынын отказандары кышка карата даярдалып коюлган. Шаардагы 7 мектептин төрт мектеби көмүр менен, 3 балдар бакчасынын экөө көмүр менен жылытылат. Алардын ичинен, Ленин атындагы жана Манас орто мектептери «Ошжилкоммунсоюз» ишканасынын отканасы аркалуу жылытылат жана ага 400 тоннадан ашык көмүр керектелет. Ал эми, К.Рахимов атындагы орто мектепке, Х.Турсунов атындагы толук эмес орто мектебине жана №2,3 балдар бакчаларына шаардын бюджетинин эсебинен 360 тонна көмүр ар жылы камсыздалып келинет. 2011-жылдын 17-октябрына карата 267,0 тонна(74,2 пайыз) көмүр даярдалды. «Ошжилкоммунсоюз» ишканасы отканасын толук ремонттон өткөрүп, кышка даярдаган. Бирок, көмүр даярдала элек.
Шаардагы 4,5 кожолуктун 1,7 миңден ашууну көмүр менен, 3,1миңден ашууну жаратылыш газы менен, 400дөн ашуусу электр энергиясы менен үйлөрүн жылытышат. 2011-жылдын 1-октябрына карата калктын электр энергиясына карызы 7136,5 миң сомду, жаратылыш газына карызы 1749,4 миң сомду түзгөн. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу шаарынын калкынын жана экономика тармактарынын 2010-2011-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2.Кара-Суу шаардык мэриясына 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө:
-мектептерге, балдар бакчаларына керектүү өлчөмдөгү көмүрдү 2011-жылдын 16-ноябрына чейин толук камсыздасын.
-калкка көмүр камсыздоо үчүн көмүр сатуучу кошумча жайларды уюштуруу чараларын көрсүн.
-калктын электр энергиясына, газга, сууга жана коммуналдык чарбага болгон карыздарын кыскартуу боюнча тийешелүү чараларды көрүүсү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |