Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №18/7
Кара-Суу-Дан-Азык» АКмун мүлк салыгынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы №77 декретинин, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №57 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2011-жылдын 4-июлундагы №10/1070, «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун 2011-жылдын 4-августундагы №68, Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 12-сентябрындагы №423 каттарынын эске алып жана Кыргыз Республикасынын Салык жөнүндөгү Кодексинин 330 жана 334-беренелеринин негизинде Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коому мүлк салыгынан (жалпы суммасы 378635 (үч жүз жетимиш сегиз миң алты жүз отуз беш) сом) 2010-жылдын июнь айынан 2012-жылдын 31-декабрына чейин бошотулсун.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А.Ботояров) бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |