Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №18/11
Кара-Суу шаарында 2011-жылы кыргыз жана өзбек улутундагы жаштардан үй-бүлөө курган түгөйлөргө материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 19-октябрындагы №465 катын эске алып, ошондой эле 2010-жылы июнь айында болуп өткөн окуяларынан кийин, карапайым эки улуттардын ортосунда эч кандай талаш-тартыш, келишпестиктер жок экендигин жалпыга маалымдоо жана элдердин ортосундагы бекем достукту, ынтымакчылыкты даңазалоо максатында Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А.Ботояров) эки улуттун ортосунда достукту чыңдоо жана жаш үй-бүлөөгө материалдык жардам көрсөтүү максатында 50,0 миң сом акча каражаты 2011-жылдын 9-айында кирешелер бөлүгүнүн план-божомолдон ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |