Редакцияот 29.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин (IVчакырылышынын) XIX сессиясынын заседаниеси

 

29-декабры 2011-жылдын №19/5

Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жайгашкан көрүстөндүн айланасын тосууга акча каражатын ажыратуу  жөнүндө

Кара-Суу шаарынын №8 жана №9 кварталдарынын жашоочуларынын 5.12.2011ж. жазган катын эске алып жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А.Ботояров) Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жайгашкан көрүстөндүн айланасын тосууга 50,0 (элүү) миң сом акча каражатын 2011-жылдын 11-айында кирешелер бөлүгүнүн план-божомолдон ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

2. Бул токтомдунаткарылышынк өзөмөлдөөжагыэкономика, бюджет, укукжана этика маселелерибоюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Алиев