Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры №19/6
Жер участокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгүртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57 токтому менен бекитилген Жобонун 3.3 пунктуна ылайык, депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) 2010-жылдын 13-августундагы кезектеги Х сессиясынын заседаниясында бекитилген Кара-Суу шаардык жер участогуна укук берүү боюнча комиссиянын курамындагы кээ бир мүчөлөрү башка жумушка которулгандыгына байланыштуу Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участокторуна укуктарды, учун курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин жана бекитилсин.
1.Осмоналиев Шавкат- Кара-Суу шаарынын вице-мэри.
2.Исмаилов Саипжан– Кара-Суу шаардык муниципалдык менчик департаментинин директору.
3.Кадыралиев Эргешбай - Кара-Суу шаар мэриясынын курулуш иштери боюнча жетектөөчү адиси.
4.Мамытов Зикир - Кара-Суу шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы
5.Акбалаев Равшан - специалист Кара-Суйского районного Госрегистра (с согласием)
6.Кожомбердиев Мамасалы.- юрист мэрии города Кара-Суу
7.Акбалаев Равшан - Кара-Суу райондук мамкаттоо бөлүмүнүн адиси (макулдугу менен)
8.Кожомбердиев Мамасалы.- Кара-Суу шаар мэриясынын юристи
9.Юсупов Зиеиддин - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты(макулдугу менен)
10.Рахимов Мамир - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты(макулдугу менен)
11.Мамадалиев Абылкасым-Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты(макулдугу менен)
2. Жер участокторуна укуктарды берүү учун курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын търагасын жана катчысын комиссиянын мүчөлөрү өзкурамынан шайлашсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |