Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры №19/7
Шаар мэриясына кызматтык автоунаа алууга акча каражатын 2011-жылдын бюджетинин план божомолдон ашыкча аткарылгандыгын эсебинен бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын чыг.№561 23.12.2011-жылдагы катынын жана 1998-ж. 11-июнундагы №78 “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясына кызматтык автоунаа сатып алууга 400,0 (төрт жүз) миңсом акча каражатын 2011-жылдын бюджетинин план божомолдон ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |