Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты № 5
Жалпак-Таш айылдык округун КБФ жерлерине ижаралык төлөм бекитүү жөнүндө
1. Жалпак-Таш айылдык округунун аймагындагы КБФнун жерлерине төмөндөгүдөй өлчөмдө ижаралык старттык баа бекитилсин.
к/с | Жердин түрү | 1га жер үчүн ижара акы | Салыгы | с/фонду | жалпы |
1 | Кайракты айдоо | 450 | 75 | 75 | 600-00 |
2 | Чөп ормо | 230 | 35 | 35 | 300-00 |
3 | Бак | 1000 |
|
| 1000-0 |
2. Мектептерге жана жакыр үй-бүлөлөргө берилген КБФнун жерлеринен ижара акысы алынбасын.
3. Атайын көрктөндүрүү үчүн берилген жерлердин бир гектары үчүн 500 сомдон ижара акы алынсын. Ал эми жер көчкү коркунучу бар жерлерди көрктөндүрүү үчүн берилген жерлерден убактылуу беш жылга чейин ижаралык төлөм алынбасын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы Жалпак-Таш айыл округунун аренда боюнча эсепчиси М. Бекиевге милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
Кушбаков Б. |