Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты № 6
Өзгөн районунун карамагына караштуу Жан-Чукур жайлоосундагы 700 га жайыт жерин Жалпак-Таш айыл Округунун карамагына алуу жөнүндө
Жан-Чукур жайлоосундагы 700 га жайыт жер СССР мезгилинде Өзбек ССРнин алыскы жайлоолорго көчүрүлүүчү малын дем алдыруу үчүн убактылуу берилген жана учурда ал аймак Жалпак-Таш айыл округуна караштуу Жан -Чукур жайлоосунун ичинде жайгашкандыктан Жалпак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан-Чукур жайлоосундагы 700 га жайыт жер СССР мезгилинде Өзбек ССРнин алыскы жайлоолорго көчүрүлүүчү малын дем алдыруу үчүн убактылуу берилгендиги жана учурда ал аймак Жалпак-Таш айыл округуна караштуу Жан -Чукур жайлоосунун ичинде жайгашкандыгы эске алынсын .
2. Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан Жан –Чукур жайлоосунун ичиндеги Өзбек ССРне убактылуу берилген 700га жайыт жерин Жалпак-Таш айылдык Округунун карамагына өткөрүп, мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
3. Чечимдин аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
Кушбаков Б. |