Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-сентябры №10
Сары-Таш кенинде иш аракеттерин жүргүзүп жаткан ишканаларга таштандыларды төгүү үчүн жер болуп берүү жана ишканалар ээлик кылган кен жайгашкан аянтка жана таштандыларды төгүү үчүн берилген жерге ижаралык төлөм бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15- беренесине, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 339-беренесинин 18 -пунктуна ылайык жана Жалпак-Таш айыл округунун башчысынынын билдирүүсүнө таянып Жалпак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш таш кенинде иш аракеттерин жүргүзүп жатышкан ишканаларга негизги кыртышын таш кени түзбөгөн айыл чарба багытындагы эмес ыңгайсыз жер аянтчаларынан таш кенинин калдыктарын төгүү үчүн жер аянттары убактылуу пайдалануу үчүн ижарага беруу жагы Жалпак –Таш айыл округуна сунушталсын.
2. Сары-Таш таш кениндеги ишканалардын ээлеген кен жайгашкан ар бир гектар жер аянты үчүн 20 миң сомдон, ал эми таштандыларды таштоо үчүн бөлүнүп берилген жерлердин ар бир гектары үчүн 10 миң сомдон ижаралык төлөм бекитилсин.
3. Ишканалар менен ижарага берилген кен жайгашкан аянттар жана таштандыларды төгүү үчүн берилген жер аянттарын иштетүү үчүн Жалпак-Таш айыл өкмөтү менен келишим түзүлсүн жана түзүлүүчү келишим жер Кодексинин 31-беренесинин 1-пунктунун 2 –абзасына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл округунун башчысы С.Паизов жеке көзөмөлүнө алсын жана аны аткаруу айыл округунун жер адисине жана юристине милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Кушбаков |