Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 11/1
2011 -жылда айыл округундагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча жана 2011-жылга карата айыл округдун милдеттери жөнүндө
2010-жылда экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы жана 2011-жылга айыл округдун милдеттери боюнча айыл округдун башчысы жолдош М.Касымовдун маалыматын угуп талкуулап,
Үч-Төбө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл округунун башчысы жолдош М. Касымовдун айыл округу боюнча 2010-жылда экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы боюнча жана 2011-жылга карата айыл округдун милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2. Айылдык Кеңештин айрым депутаттары тарабынан айтылган сын сунуштар айыл өкмөтү тарабынан атайын иш чара иштелип чыгып аткарылуусу камсыздалсын.
3. Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү максатында керектелүүчү күйүүчү майды алып келүү жана камсыздоо, спонсорлорду табуу менен ташып келүү жер адиси Ш.Тойтуковго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |