Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-мартты № 11/2
Үч-Төбө айылдык округунун 2009-2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылдын бюджетин, 2012-2013-жылдардагы бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык округунун айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык округунун 2009-жылдын киреше 15170,5 миң сом , чыгаша 15162,7 миң сомго аткарылгандыгы, 2010-жылдын 1-январына 7,8 миң сом калдык калгандыгы жана 2010-жылдын киреше 18515,4 миң сом, чыгаша 18494,9 миң сом аткарылгандыгы, 2011-жылдын 1-январынан 20,5 миң сом калдык калгандыгы белгиленсин.
2. 2011-жылга айылдык округунун бюджета киреше жана чыгаша булактары бөлүктөрүнө 14834,6 миң сомго, 2012-жылга бюджеттин долбоору 14807,8 миң сом, 2013-жылга бюджеттин долбооруна 14795,9 миң сом бекитилсин (маалымат тиркелет).
3. 2011-жылдын бюджетине максаттуу грантка 505,9 миң сом жетишпегендиги белгиленсин жана жетишпеген акча каражат республикалык бюджеттен кошумча карап берүү жагы Каржы Министрлигинен суралсын (тиркеме тиркелет).
4. Үч-Төбө айылдык Округунун аймагында жайгашкан мектептер жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин .
5. Отчет, учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана директорлоруна чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Үч-Төбө айылдык округунун 2010-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашыкча тушкен кирешелерге план боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана статьядан статьяга жылдыруу жагы, айыл округунун билдирүүсүнүн негизинде Үч-Төбө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына укук берилсин жана бюджеттик комиссиянын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.
7. Каралган бюджеттин смета боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жана көзөмөлдөө айылдык округунун финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Арыковго тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Маматалиев
|
| Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-марттындагы №11/2 токтомуна № 1-тиркемеси |
1. КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ (миң сом)
1. Максаттуу грант - 10216,0
2. Теңдөөчү грант - 4124,1
Гранттардын жалпы суммасы : 14340,1
3. Наркка салык (налог с продаж) - 1,0
4. Транспорт салыгы - 152,0
5. Милдеттүү патенттештирүүдөн түшкөн салык - 20,0
6. Тамарка жер салык - 88,6
7. Улуш жер салык - 58,0
8. Айыл чарбага багытталбаган болбогон жерлерди пайдалануу укугу үчүн жер салыгы -10,0
9. КБФ жерлерди ижарага берүү - 48,0
10. Госпошлина - 3,0
11. Спец.сред.(ата-энелер төлөмү) - 108,0
12. Кыймылсыз мүлккө салык -6,0
13. Өздүк доходтун суммасы -494,6
Жалпы суммасы -14834,7
Үч-Төбө айыл округунун ф.э.о.бөлүмүнүн башчысы |
Л.Арыков |