Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 11/4
Үч-Төбө айылдык округунун айылдык кеңешинин 2011 -жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык округунун айылдык кеңешинин 2011-жылга түзүлгөн иш планы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине ылайык ыйгарым укуктарынын чектеринде, жергиликтүү кеңештин компетенциясьнда белгиленгендей бекитилсин.
2. Жылдык иш планда көрсөтүлгөн иш-чараларды жетекчиликке алуу жана анын аткарылышына жетишүү айылдык округдун айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына жана айыл округунун тиешелүү кызматкерлери, мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Иш планда көрсөтүлгөн маселелер өз мезгилинде заседаниеге коюлуп жатуу даярдыктар менен өткөрүлүшүнө түздөн-түз аракет кылуу жооптуу катчыга тапшырылсын.
4. Пландагы маселелердин ырааттуулук менен аткарылышын көзөмөлгө алуу кенештин төрагасына милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиева
|