Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 11/5
Үч-Төбө айыл округуна караштуу балдар бакчаларга взнос төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Үч-Төбө айыл округунун «Кичи-Каракол» жана Чон-Каракол айылындагы «Медина-Нуру» балдар бакчаларында ата-энелерден ар бир балага төлөнүүчү взнос акысынын өлчөмүн аныктоо максатында, ата-энелердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл округуна караштуу «Кичи-Каракол» балдар бакчасында ата-энелерден ар бир балага төлөнүүчү взностун өлчөмү 200 сом, Чоң-Каракол айылындагы «Медина-Нуру» балдар бакчасында ата-энелерден алынуучу взностун өлчөмү 150 сом болуп белгиленсин.
2. Ата-энелерден түшкөн взнос төлөмүн убагында жыйноону уюштурууну балдар бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну айыл округунун финансы бөлүмүнүн башчысы А. Арыковго жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Маматалиев
|