Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2011-жылдын 25-марты № 11/7
Үч-Төбө айыл округунун Кичи-Каракол айылынын жаштарынын арызын кароо жөнүндө
Үч-Төбө айыл округунун Ак-Жай жана Кичи-Каракол айылынын жаштары Улуттук оюндарын өнүктүрүү максатында биргелешип ат оюндары үчүн көк бөрү тартууга «Тай казан» стадионун курушкан. Ошол стадионду спорттук аянт катары кабыл алуу максатында
Үч -Төбү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл округунун Ак-Жай айылынын «Кыркоол» участкасы тарабындагы «Ош-Сары-Таш» автожолунун 139-140 км жолдун сол тарабындагы түз жерден 1га жерди спорт аянты катары бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү райондук архитехтура жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл округунун жер боюнча башкы адиси Ш.Додуевге жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Маматалиев |