Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 -жылдын 24-майы № 12/1
Үч-Төбө айыл округунда 2011-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана аны өз убагында сапаттуу өткөрүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл округу боюнча 2011-жылга 857 га айдала турган жер ичинен 242 га жаздык арпа, 282 га картошка, 1 жылдык кесек тоют 329 га,жашылча 4 га жерге айдалмакчы. Жогорудагы айыл чарба өсүмдүктөрүнөн талаптагыдай түшүм алуу үчүн тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып, үрөн, күйүүчү май, жер семирткич жана трактор, ат соколордун иштеп жаткандыгын белгилеп, тез арада бүткөрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл округунда жазгы талаа жумуштарына карата атайын штаб түзүлүп, үрөн, техникалардын даярдыгы, күйүүчү май менен камсыз кылынгандыгы эске алынсын (тиркелет).
2. Жазгы талаа жумуштарында агротехникалык эрежелерди сактоо менен сапаттуу айдап себүү иштери түзүлгөн графиктен калбай жүргүзүлсүн (тиркелет).
3. Айдоо аянттарына келүүчү негизги каналдар менен арыктарды өз убагында тазалап, ремонттоо иштерин жүргүзүү ар бир айыл башчыларга жамааттар менен бирдикте милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун жер боюнча башкы адиси Ш. Дөдүевге тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |