Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 -жылдын 24-майы № 12/2
Үч-Төбө айыл округунда жайыттарды туура пайдалануу жана жайлоого көчүп конуу, сугат иштери тууралуу
Үч-Төбө айыл округундагы жакынкы жана алыскы жайыттарды туура пайдалануу, айдоо аянттарын коргоо, жайлоого көчүп-конуу графиктерин белгилөө максатында Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдоо аянттары толук эгилип бүткөндүгүнө байланыштуу, ар бир айылда жайыттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл округунда иш пландары иштелип чыгарылсын жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайлоого көчүрүү графиктери төмөндөгүдөй белгиленсин:
25-майдан 1-июнга чейин- Ак-Босого айылы
25-майдан 1-июнга чейин- Кызыл-Алай айылы
10-майдан 25-майга чейин - Чон-Каракол айылы
1-майдан 20-майга чейин - Кичи-Каракол, АК-Жай айылдары.
2. Күзүндө жайлоодон көчүп түшүү 1-октябрга белгиленсин жана калктын көчүп-конуусуна көмөк көрсөтүү көзөмөлдүк кылуу айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Айыл калкынын жерлерин сугаруу боюнча айьш округунун башчысы М. Касымовдун койгон талабы эске алынып, ар бир жер ээсинен сууну пайдалангандыгы үчүн 20 сомдон алынып, сугат ишин көзөмөлдөгөн атуулга эмгек акы катары төлөнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айьш округунун жер боюнча башкы адиси Ш.Дөдүевге жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |