Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-майы № 12/3
Үч-Төбө айыл округунун аймагындагы мектептерде жана бала бакчаларда окуу-тарбия иштеринин абалы тууралуу
Үч-Төбө айыл округунун аймагындагы мектептерде окуу-тарбия иштеринин абалы боюнча айылдык кеңештин иш планынын негизинде пландуу түрдө текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн натыйжасында айрым мектептерде окуу-тарбия жана уюштуруучулук иштеринде кемчилдиктер бар экендигин белгиленип, "Медина Нуру" жана "Кичи-Каракол" балдар бакчасынын окуу тарбия иштеринин абалы тууралуу текшерүү жүргүзүлгөн. "Медина Нуру" балдар бакчасында иштин бир системага түшүп, балдарга тарбия берүүнүн натыйжасы сезилип көрүнүп турат. Ал эми "Кичи-Каракол" балдар бакчасында пландуу иштердин жүргүзүлбөгөндүгү, иштин бир системага келе электиги жана башка кептеген кемчилдиктер байкалган.
Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл округунун аймагындагы Тукеев, Маданият жана Т.Жумабаев атындагы орто мектептеринде окуучулардын сабакка катышуусу начар экендиги белгиленсин. Тез арада жана жогорудагы кемчилдикти жоюу мектеп директорлоруна эскертилсин.
2. Мектептерде окуу-тарбия иштеринин абалын жакшыртуу, ата-энелер комитеттеринин ишин жандандыруу, окуучулардын билим сапатына көңүл буруу жана коомдук уюмдар менен аракеттенүү мектеп администрациясына милдеттендирилсин.
3. Айыл округунун аймагындагы Чоң-Каракол айылындагы "Медина Нуру" балдар бакчасындагы окуу тарбия иштери көрсөтмөлүү деңгээлде экендиги белгиленсин.
4. "Кичи-Каракол" балдар бакчасында окуу-тарбия иштери канааттандырарлык деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин. Балдар бакчасында инвентарлардын аз эле мезгилде сынып калышына жол берип, тарбиячылардын татыктуу тарбия берүүсүнө көңүл бөлбөй, ата-энелер комитети менен иштөөнү билбегендиги директордун орчундуу кемчилиги катары белгиленип, сентябрь айында өтүүчү кийинки сессиянын отурумуна жогорудагы айтылган кемчилдиктер тууралуу отчет талап кылынып, аткарьшбаса кызмат абалы каралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы менен айыл округунун жооптуу катчысы А.Шамшиевага жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Маматалиев
|