Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-майы № 12/5
Үч-Төбө айыл округунун аймагында Агахан жана MSDSP коомдук уюмдарынын демилгеси менен түзүлгөн “Кичи-Каракол” VOсунун жүргүзгөн иштери тууралуу
Агахан жана MSDSP коомдук фонддорунун жаматтардын айылдык турмушуна көмөк көрсөтүү боюнча “Кичи-Каракол” VOсу түзүлүп ага 264 үй бүлөө мүчө болуп кирген. Алардын иштерин уюштуруу максатында анын президенти, бухгалтери, ревизиялык комиссиясы шайланып, калган иш,мүчөлүк акыны төлөө жана башка ревизиялык иштер менен аракеттенишет. Кийинки учурларда айылдык уюмдун иши солгундап анын кесепетинен VOнун сактык кассасынан акча алып 3 жылдык төлөбөй коюшкандар болду. Жогорудагы айтылган кемчилдиктерди жоюу максатында Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кичи-Каракол” VOсунун сактык кассасынан акча алып пайдаланып убагында төкпөй жүргөн уюмдун мүчөлөрүнө жобонун негизинде ар бир өтүп кеткен үстөк жазана колдонулуп төлөтүлүп алынсын.
2. Жылдап төлөбөй жүрүп, үстөк кошулуп төлөөдөн баш тарткан атуулдарыбызга чара көрүп берүү жагы участкалык инспектор К. Алиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Кичи-Каракол” VOсунун президентинин бухгалтериясына тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Маматалиев
|