Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 11–августу № 13/1
Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Үч-Төбө айылдык округунун аймагындагы үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун жана айылдардагы ФАПтардын жүргүзгөн иштери тууралуу №6 УДТнун башчысы А.Суранованын билдирүүсүн карап жана талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык округунун аймагындагы медициналык тейлөөнүн абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жакшыртуу тууралуу комплекстүү иш чара иштеп чыгып, аны жетекчиликке алып жүзөгө ашырууну № 6 УДТнун жетекчиси А.Сурановага милдеттендирилсин.
3. Үч-Төбө айыл округунун аймагындагы айылдарда жаш балдар арасында тиш ооруларынын күч алгандыгына байланыштуу айылдагы стоматолгиялык кабинеттин ооруну алдын алууда эч кандай иш чара жана түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү белгиленип, бул тууралуу райондук жетекчилигине билдирилип, чара көрүп берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |