Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 13/2
Мекеме уюмдарда, мектептерде ремонт иштеринин журушу жана ага айыл округунун жасап жаткан иш аракеттери тууралуу
Айыл округунун аймагындагы 4 мектеп, медициналык тейлөө (№6 УДТ, 3 ФАП) жана маданият мекемелеринде (4 китепкана) быйылкы жылы бюджеттен жетиштүү акча каражаты бөлүнүп берилип бүгүнкү күнгө ремонттон толук өткөрүлдү.
Ремонт иши Маданият орто мектебинде жогорку децгээлде жасалгандыгы белгиленди. Ошону менен бирге кээ бир мектеп .бала-бакчада ремонттоо иштеринде айрым кемчилдиктер бар экендиги белгиленип, аларды жоюу максатында
Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мекеме уюмдарда, мектептерде, бала-бакчаларда быйылкы жылы айыл округу тарабынан жүргүзүлгөн ремонт иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жогорудагы айтылган ремонт иштериндеги айрым кемчилдиктерди жоюуну, жаңы окуу жылы башталганга чейин, жетекчиликке алууну айыл округунун башчысы М. Касымовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Торага Уч-Тюбинского айылного кенеша |
С.Маматалиев |