Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 -жылдын 11 –августу №13/3
Үч-Төбө айылдык округунда участкалык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин курамын аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо
Үч-Төбө айылдык кеңешинин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин негизинде жана участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тиешелүү документтерин карап, анализдеп жана талкуулоонун жыйынтыгы менен
Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык кеңешинин участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлердин курамы тиркемеге ылайык аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын (тиркеме тиркелет).
2. Үч-Төбө айылдык кеңешинин участкалык шайлоо комиссиясына сунушталган талапкерлердин курамын бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан
суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Шамшиевага жана айыл округунун аппаратына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |