ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык округунун айылдык кеңешинин кезектеги заседаниеси
2011-жылдын 26-декабры № 14/1
2011-жылда айыл округундагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы жөнүндө
2011-жылда экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча айыл округдун башчысы жолдош М. Касымовдун маалыматын угуп талкуулап, Үч-Төбө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл округунун башчысы жолдош М.Касымовдун айыл Округу боюнча 2011-жылда экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы боюнча билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2. Айылдык Кеңештин айрым депутаттары тарабынан айтылган сын сунуштар боюнча айыл өкмөтү тарабынан атайын иш чара иштелип чыгып аткарылуусу камсыздалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев
|