Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 26-декабрь № 14/2
Үч-Төбө айылдык округунун аймагындагы мекеме уюмдарда кышка карата даярдыктын абалы жана мектептерде, бала-бакчаларда окуу тарбия иштеринин жүрүшү тууралуу
Үч-Төбө айылдык округунун аймагындагы мекеме уюмдарды, социалдык обьектерди, калкты кышка карата көмүр мененкамсыздалышы жана мектептерде, бала-бакчаларда окуу тарбия иштеринин жүрүшү тууралуу текшерүү жүргүзүлдү. Ошондой эле райондук кеңештин депутаты А.Суранованын талабын эске алуу менен, көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү максатында
Үч-Төбө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл округунун аймагындагы обьектилердин көмүр менен камсыз кылуу жана социалдык мекемелерди кышка карата жылуулоо жүргүзүлгөндүгү канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Калктын аялуу катмарын көмүр менен камсыз кылуу жана аларга социалдык жардам уюштурууну жүргүзүүнү колго алууну айылдардын бардык айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Райондук кеңештин депутаты А. Суранованын жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн талабына ылайык Т. Жумабаев атындагы орто мектебинде, А.Тукеев атындагы орто мектептеринде сабакка катышуунун начардыгы, башталгыч класстарга тамак берүүнүн уюштурулушу жакшы жолго коюлбагандыгы, мектептин санитардык абалы таза турбагандыгы белгиленип, бул кемчилдиктерди тез арада четтетүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Кичи-Каракол балдар бакчасы тууралуу айылдык кеңештин № 12/3 токтомунун аткарылышы боюнча чара көрүлбөгөндүгү белгиленип жана бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Касымовтон 29-декабрга чейин чечемин деген убадасы эске алынып көзөмөлгө коюулсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айьш округунун башчысы М. Касымовго жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы
|
С.Маматалиев |