Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-декабры № 14/3
Элди социалдык жактан коргоо жана пенсия, пособиелердин төлөнүү абалы жөнүндө
Үч-Төбө айыл округунун аймагында элди социалдык жактан коргоо аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө соц.паспорттор толтурулуп, жакыр үй-бүлөө экендиги аныкталып мамлекеттик жөлөк пулдар чегерилүүдө. Бирок өз убагында документ алууда кемчилдиктер болуп, документ алуу графиги түзүлбөгөн. Ошондой эле айыл округунун аймагындагы почта бөлүмдөрүндө бардык эле мамлекет тарабынан берилүүчү пенсия пособиелер өз убагында үзгүлтүксүз берилүүдө.
Жогорудагылардын негизинде Үч-Төбө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө социалдык паспорт толтуруу, жөлөк пул чегерүү иштери өз убагында жүргүзүү жана кемчилдиктерди четтетүү айыл округунун социалдык кызматкерине милдеттендирилсин.
2. Айыл округунун аймагында пенсия, пособиелердин төлөнүү, таркатуу абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т. Акматовго тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев |