Загрузка документа…
УЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-декабры №14/5
Үч-Төбө айылдык оругунун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Токой кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы № 01-13/223-буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 960-6 буйругуна жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 21-октябрь № 188 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын олтургузуу демилгесин колдоо максатында Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, канал жээктерине, үлүш жана там арык жээктерине жана плантация тибинде олтургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан.
Үч-Төбө айыл округдун тийиштүү иш-чара пландары бекитилсин.
2. Үч-Төбө айылдык округдун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында олтургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Үч-Төбө Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Касымовго айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Маматалиев
|