Редакцияот 21.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин II-сессиясы

 

2011 жылдын 21 майы №1

Отуз-Адыр айылдык округундагы СПАлардын жүргүзүп жаткан иштери,канал,арыктардын абалдары жана эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылуу, айыл калкын таза суу менен камсыздоо жөнүндө

Отуз-Адыр айылдык округундагы СПАлардын жүргүзүп жаткан иштери,канал,арыктардын абалдары жана эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылуу, айыл калкын таза суу менен камсыздоо жөнүндөгү маселелерди Отуз-Адыр айылдык округдук Кеңешиинин II-сессиясы карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «МАЗ-АЙКАЛ», «ЭНЕ-САЙ», «Үч-Айыл» СПАларынын аткарып жаткан жумуштары канаатадырарлык деп табылсын жана айтылган сын-пикирлер иш ордуларында чечилсин.

2. Таза суу кызматынын жетекчиси Ж.Абсатаровго ишти алып бару боюнча эскертүү берилсин.

 

Отуз- Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы

 

О.Айдаров