Редакцияот 14.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Карасуу району Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сесеиясы

 

2011-жылдын 14-апрели №12/4

Жоош айылдык округдун Кеңешинин алдында түзүлгөн жайыт комитетинин  билдирүүсүн кароо жөнүндө

Жоош айылдык округдун Кеңешинин алдында түзүлгөн жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда мал, кой-эчкилерди багуу үчүн шарттуу 1 баш кара малга 60 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 12 сомдон жайыт акы төлөө жагы белгиленсин.

2. 2010-жыл ичинде элдин жеке менчик кара малдарын жана кой-эчкилерин багуу үчүн малчы-койчуларга төлөнүүчү акы 1 баш кара малга 380 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 80 сомдон төлөө жагы бекитилсин.

3. Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин 2010-жылга түзүлгөн бюджета 200,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Шарттуу мал башына алынуучу салыктарды жыйноо жана жайыттарды унөмдүү пайдалануусун көзөмөлгө алуу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

 

А. Утуров