Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-апрели №12/5
Жоош айылдык Кеңешине Калинин, Маданият айылдарынан келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Калинин айылынын 2011-жылдын 9-январындагы №1 элдик жыйындын протоколунун жана 08.11.2011-жылдагы элдик жыйындын №1 жана №2 протоколдорунун Маданият айылынын 01.03.2011-жылдагы №1 протоколунун токтомунун негизинде Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы Калинин айылынын мектеп көчөсүнө Кадыров Тагайдын аты берилсин.
2. Жоош айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы Калинин айылынын мечит көчөсүнө Таабалдиев Акматтын аты берилсин.
3. Жоош айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы Калинин, айылынын жаштар көчөсүнө Чынасов Бердибектин аты берилсин.
4. Жоош айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы Маданият айылынын Комсомол көчөсүнө Исраилов Мырзабектин аты берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
|