Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-апрели № 12/7
Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын тургуну «Амирбек» фермердик чарбасынын жетекчиси Т.Машрапованын арызын кароо жөнүндө
№ 4 беш мандаттуу Кызылкошчу шайлоо округунун депутаты А.Торогелдиевдин сунушу боюнча аренда акы 2500 сом өлчөмүндө берүү жөнүндө сунуш киргизди, ал эми К.Сеитов 15,00 сом өлчөмүндө бекитүүнү сунуш кылды. Жоош айылдык Кеңешинин төрагасы А.Утуров аренда акынын 1500 сомдон, салык жана соцфонддон сырткары, аренда акы төлөөнү сунуштады. С.Мамытов бул маселени туруктуу комиссияга жөнөтүүнү сунуш кылуу менен женилдик менен ижарага берүүчүлөргө мурдагы сессиянын чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Жогоруда чыгып суйлогон депутаттардын сунуштарынын негизинде Жоош айылдык округдун Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл окмотунун аймагындагы Большевик айылында уюшулган «Амирбек» фермердик чарбасынын жетекчиси Т.Машрапованын арызы'нын негизинде ижарага алган 5,0 га жер аянтынын ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 7 жылга узартылсын.
2. Ижарага алынган жерлердин ижара акы 1,0 га жерге 1500 сомдон салык, соцфонддон сырткары төлөнсүн.
3. «Амирбек» фермердик чарбасы менен келишимдерди түзүү жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Кадырбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Утуров |