Редакцияот 11.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун 1V чакырылышынын ХХ1 кезексиз заседаниеси

 

2011-жылдын 11-августу № 21/3

Ленин айылдык Кенешине караштуу Кызыл-Коргон жергиликтүү инвестициялык комитетинин АРИС программасынын негизинде бүткөрүлгөн обьектилерин айыл өкмөтүнүнүн балансасына кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиясынын актысын карап чыгуу жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айылдык Кенешине караштуу Мурдаш жана Кызыл-Коргон аймактык инвестициялык комитеттери тарабынан буткорулгон  «А.Жээнбеков атындагы  орто мектебинин ички болмолорун ремонттоо» жана «Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелгинин айланасын тосуп ремонттоо» боюнча  проектилердин буткорулгондугуно байланыштуу жумушчу комиссиянын актасы каралып жана айыл окмотунун балансасына кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу аймактык инвестициялык комитеттин торагасы Н.Нуратовко милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Матанов