Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын11-июлу №20/1
Ленин айылдык округунун Мурдаш айылынын тургуну Алатаева Бубажардын турак-жай салуу учун жазган арызын канааттандыруу жөнүндө
Ленин айылдык округунун Мурдаш айылынын тургуну Алатаева Бубажардын жашаган турак-жайы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин адистери тарабынан 2011-жылдын 02-03-июлундагы № 167 корутундусунун негизинде жер кочкуго дуушар болгондугуна байланыштуу жаныдан турак-жай куруу учун жазган арызын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Жер кодексинин 63-статясынын 1 пунктунун негизинде жер көчкүгө дуушар болгон жер участкасы пайдалануу мөөнөтү токтотуу менен айыл округунун балансасына өткөрүлүп алынсын.
2.Алатаева Бубажарга-Жер кодексинин 32 статясынын 1 пунктуна ылайык турак-жай куруу учун Мурдаш айылынын мечиттин жанынан 0,08 га жер участкасы жеке менчикке берилсин.
2.Токтомдун негизинде берилген жер участканын чегин чектеп, тактап ,иш кагаздарын бүткөрүп берүү Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармылыгынан, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жер адис Ленин айылдык округунун башкы адиси Ш.Сарыковко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |