Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-сентябры №22/2
Ленин айылдык округундагы ФПСтин жерлерин пайдалануу жана аренда акыларын топтоонун абалы жөнүндө
А.Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округундагы ФПСтин жерлерин пайдалануу жана аренда акыларын топтоонун абалы боюнча А.Арзибековдун билдируусу эске алынсын.
2. ФПСтин жеринен алына турган салыктын планын өз убагында чогултуу, толтуруу, госфондунунун жерин тактап картасын чийдирүү жана мөөнөтү бүткөн жерлер конкурстун негизинде апрель айынан 1 жылдык келишим түзүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |